Загрузка документа…
КАРА БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну №56
Трансформация болуучу жер аянтынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасынын №215 контурунда жайгашкан 7,0 га суугат-айдоо жер аянттын трансформацияга даярдалган башкы планын бекитүү үчүн Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Амиракуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасындагы Айыл Чарба Жерлеринин Мамлекеттик Фондунун №215 контурунда жайгашкан 7,0 га суугат-айдоо жер аянтын билим берүү объекттерин, саламаттык сактоо объекттерин жана дене тарбия ден -соолукту чыңдоо комплекстерин куруу муктаждыгы үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуулуучу жер аянтынын трансформацияга даярдалган башкы планы бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасынын орун басары: | М. Надирова |