Загрузка документа…
КАРА БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну №57
Кара-Бак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-мартындагы №19 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин №2 чогулуш протоколунун негизинде Жайыт комитетинин бюджетине кошумча киреше түшкөндүгүнө байланыштуу Кара-Бак айылдык кенешинин 2019-жылдын 19-мартындагы №19 токтомуна өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин бюджетине мал жаюудан башка максатта 55 800(Элүү беш миң сегиз жүз) сом киреше түшкөндүгүнө байланыштуу 2019-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасынын орун басары: | М. Надирова |