Загрузка документа…
КАРА БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну №58
Жеке менчик жер аянтын бала бакча катары пайдалануу жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Бай-Кара-Бак айылында социалдык объектилерге калтырылган жер жок болгондугуна байланыштуу, Калктуу конуштагы жеке менчик үйдү балдар бакчасы кылып пайдаланууга жана Бай-Карабак айылынын айыл башчысы Ж.Калматовдун ижара акы боюнча сунушун эске алуу менен Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бай-Кара-Бак айылында социалдык объектилерге калтырылган жер жок болгондугуна байланыштуу, Калктуу конуштагы жеке менчик үйдү балдар бакчасы катарында пайдаланууга макулдук берилсин.
2.Аталган турак жайды пайдалануу ижара акысын жана тиешелүү чыгымдарын бюджеттен каржылоо сметасын тез арада кеңешке киргизүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын
Кеңештин төрагасынын орун басары: | М. Надирова |