Загрузка документа…
АК САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июну №5
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешининV-чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин ар кандай чыгымдар бөлүмүнүн 221-беренесинин 400,0м. сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 311-беренесине жылдырылып берилсин.
2. Киргизилген бюджеттик өзгөртүүлөрдү өз убагында аткарууга алуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Каттабековго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Талиев |