Загрузка документа…
АК ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-майы №10/5
Ак-Чий айыл аймагынын Саячык участкасынан «Ак-Чий Болот-Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомуна көмүр казууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын +кмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин «Ак-Чий Болот Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген 6214 CE лицензия Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы №810 токтому менен бекитилген «Жер казынасы» жөнүндөгү мыйзамын жана «Жер жөнүндө» кодексин эске алып Ак-Чий айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саячык участкасынан 45,6 га жер аянтын «Ак-Чий Болот-Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомуна көмүр кен казууга уруксат берилсин.
2.Жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иш жүргүзүү жагы «Ак-Чий Болот-Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомуна тапшырылсын.
3.Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоого өткөрүлүп,жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Ак-Чий айыл аймагынын өкмөт башчысы Э.Айыповго тапшырылсын
Төрага: | А.Жунусов |