Загрузка документа…
АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018 жылдын 27-августу №5
Могол айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу жана Чарбак айылдарындагы калкты таза суу менен камсыздоо боюнча Арстанбап айыл аймагына кайрылуусун карап чыгуу жонүндө
Арстанбап айыл аймагынын администрациясына, Могол айыл аймагы тарабынан кайрылуу жасалып, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жасалып жаткан аракеттерди натыйжасында сырттан тартылган инвестиция менен Кызыл-Суу жана Чарбак айылдарындагы калкты таза суу менен камсыздоо үчүн Арстанбап-Ата токой чарбасына караштуу жер тилкелеринен таза суу тартуу үчүн, Арстанбап айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясында карап чыгуу, суу түтүктөрүн тартууга уруксат алып берүүнү жазган.
Бул маселе боюнча Арстанбап айылдык Кеңешинин депутаттары кезектеги сессисында карап чыгышып, Могол айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу жана Чарбак айылдарындагы калкка таза суу тартуу долбооруна Арстанбап айыл аймагына караштуу Гумкана айылында жашап жаткан 494 кожолуктарды (анын ичинде 2134 жаран бар экендигин) эске алып, айылдагы кожолуктарды даярдалып жаткан долбоорго кошуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жер кодексинин 27-беренесине, 90-91 беренелеринин 1-бөлүкчөлөрүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №145 токтомунун 14-беренесинин 5-бөлүкчөсүнө жана 15-беренесинин 3-бөлүкчөсүнө таянып, Арстанбап-Ата токой чарбасынын кызматкерлеринин жана профсаюз уюумунун биргелешкен жыйынынын протоколу менен таанышып жана аны талкуулап Арстанбап айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу (136 кожолук) жана Чарбак (1275 кожолук) айылдарындагы калкты таза суу менен камсыздоо боюнча Арстанбап айыл аймагына сунушталган каты эске алынсын.
2. Арстанбап айыл аймагынын башчысы У.Таштанбековко, Могол айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу жана Чарбак айылдарындагы калкка таза суу тартуу долбооруна, Арстанбап айыл аймагына караштуу Гумкана айылында жашап жаткан 494 кожолуктарды (анын ичинде 2134 жаран бар экендигин) эске алып, Токой фондусундагы жер тилкелеринен ичүүсү суу менен калкты камчыздоого которуу жана ажыратуу (трансформациялоо) жолоу менен пайдаланууга берүү максатында, даярдалып жаткан долбоорго Гумкана айылына таза суу түтүкчөлорүн кошуу менен мамлекеттик акт алуу сунушталсын
3. Арстанбап айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 27-августундагы VII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын №5 токтомунун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ж. Абдухалилов |