Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 жылдын 17-ноябры №2
Фонд жерлерин турак жай куруу үчүн калктуу конуштар категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Ноокен айыл округунун аймагында жашаган тургундардын турак жай салуу үчүн берген арыздарын канаатандыруу максатында Ноокен айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен райондук мамлекуеттик админстрациясынын 2014-жылдын 29-майындагы № 01-12\124-б буйругу менен түзүлгөн комиссиянын 2016-жылдын 25-ноябрдагы корутундусун карап чыгып Ноокен айыл аймагынын суу келбеген адыр жерде жайгашкан фонддун тибиндеги кайракы айдоо жерлердин
№514- контурунан 9,0 га
№201-конурунан 2,3 га
№ 33-контурунан 6,7 га
Баардыгы 18,0 га жер аянтын турак жай куруу үчүн калктуу конуштар категориясына которуу, трансформациялоого макулдук берилет.
2. Тийешелүү иш кагаздарды даярдоо Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эгембердиевке жүктөлсүн.
Ноокен айылдык кенешинин төрагасы: | Н. Муратов |