Загрузка документа…
АК ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-сентябры №12/3
Айылды инвестициялоо-3 долбоорунун үчүнчү этабына коомчулукка тийиштүү айылдардагы социалдык жана экономикалык инфраструктураны жакшыртуу максатында өтүлгөн конкурска катышууга ири жана кичи долбоорду сунуштоо жөнүндө
Депутаттардын Ак-Чий айылдык кеңеши чечти
1.АРИС тин айылды инвестициялоо долбоорунун үчүнчү этабына коомчулукка тийиштүү айылдардагы социалдык жана экономикалык инфраструктураны жакшыртуу максатында өтүлгөн конкурска катышуунун алкагында фокус топтордон айылдык жана айыл аймактык жыйындарда келип чыккан .
-Ири долбоор катары Жаңы-тилек айылындагы С.Жусупбаев орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү
-Кичи долбоор катары Ак-Чий айылындагы Нур-Эл ,Жаңы-Тилек айылындагы Нур-Ал бала бакчаларына инвентарь алуу чакан долбоор болуп, бириктирилип кайчылаш долбоор катары сунушталган сунушу жактырылсын.
2.Жактырылган долбоорлор АРИС тин АИД-3 этабынын конкурсуна катышуу үчүн облустук конкурстук комиссиясына сунушталсын.
3.Долбоорлор облустук конкурстук комиссияда жактырылса,3,75 % өздүк салымын айыл өкмөтүнүн бюджетинен карап берүүгө кепилдик берилсин.
4.Конкурска катышууга тийиштүү документтерди даярдоо жагы демилгечи топтун курамына тапшырылсын
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | А.Жунусов |