Редакцияот 10.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 10-августу № 3

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 жана 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 202 токтомун аткаруу жөнүндɵ

 

Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин XXIV сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Салык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016- жылдын 11-апрелиндеги № 202 токтому тууралуу берилген маалыматы эске алынсын.

2. Ноокен району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Башкармалыгы менен Достук айыл өкмөтүнүн ортосундагы салык чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөрүп берүү боюнча келишими бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

3. Айыл өкмөтүнүн аймагында жогоруда бекитилген келишимдин негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу жагы У.Бегбаевага, Н.Абдышовго, Нарынбай уулу Топчуга жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Достук айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Мамановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Э. Мансиркулов