Загрузка документа…
КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-апрели №1
“НУР Телеком” ЖЧКга жер аянтын убактылуу ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы ПЖ №1 “2019-жылды-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомун турмушка ашыруу максатында, чек арада жайгашкан Көк-Таш айылдык аймагынын тургундарына сапаттуу уюлдук байланыш кызматынан пайдалануусуна шарт түзүү үчүн, “НУР Телеком” ЖЧКнын техникалык директору А.М. Коваленконун 11.04.2019-жылдагы № 07/1030 сандуу катын окуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалгыз-Өрүк айылынын Даван-Сай участкасындагы Биллайн жана Мегаком уюлдук байланыштарынын базалык станциялары орнотулган пайдаланууга ыңгайсыз, кумак таштуу жерден 25 кв метр жана Орто-Суу айылындагы Биллайн жана Мегаком уюлдук байланыштарынын базалык станциялары орнотулган пайдаланууга ыңгайсыз, кумак таштуу жерден 25 кв метр, жалпы 50кв метр пайдаланууга ыңгайсыз, кумак таштуу жер аянты О! Уюлдук байланыш түйүнүнүн базалык станциясын орнотуп, 2 жыл 11 айга (эки жыл он бир айга) убактылуу пайдалануу үчүн, келишимдин негизинде “НУР Телеком” ЖЧКга ижарага берилишине макулдук берилсин.
2.Жер аянтын ажыратып берүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тажибаевге жүктөлсүн
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |