Загрузка документа…
КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-апрели №2
Көк-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин акча каражатын жылдыруу жөнүндө
2019-жылдын II кварталында айылдык аймактын жергиликтүү бюджетинин билим берүү тармагындагы акча каражатынын 2211 сапар чыгымы жана 2215 ар түрдүү чыгым беренелеринен 2218 азык түлүк беренесине жылдыруу зарылдыгы тууралуу Көк-Таш айылдык аймагынын ФЭБ башчысы А.Эгемовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин билим берүү тармагынын 2211 сапар чыгымы беренесинен 20 000 сом, 2215 ар түрдүү чыгымы беренесинен 30 000 сом, 2218 азык түлүк алуу беренесинен 90 000 сом жалпы 140 000 сом акча каражатын айыл аймагынын мектепке чейинки тарбия берүү уюмуна жылдырууга макулдук берилсин.
2.Каражатты жылдырып берүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ала-Бука башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |