Загрузка документа…
КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-майы №2
Жайыт пайдалануучулардын ижара акысын бекитүү жөнүндө
“Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” төрагасы Б.Иманазаровдун 2019-жылга карата болжолдуу ижара акы жөнүндөгү билдирүүсүн жана айылдык Кеңештин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” 2019-жылдагы жалпы ижара акысы 582 001, 32 сом, жайыттын жалпы аянтты 8578 га анын ичинде жер салыгы үчүн 84 900 сом, 2019-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 327 400сом болуп бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
2.Кошумча киреше түшүрүүчү Фронтальный Погрузчик техникасынын мотор сааты
2 731 995 сом болуп бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзумө калтырамын.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |