Загрузка документа…
КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-майы №4
Айыл тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу долбоорун даярдоо жөнүндө
Көк-Таш айылдык Кеңешинин депутаты К.Долоновдун жергиликтүү калктын саламаттыгын сактоо максатында, Көк-Таш айыл аймагындагы ар бир айылга таза суу линиясын тартуу сунушун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында калкты 2023-жылга чейин ичүүчү таза суу менен толук камсыз кылуу максатында, айылдык аймактын Чоң-Сай, Орто-Суу, Көк-Таш, Жалгыз-Өрүк, Кулпек-Сай айылдарына таза суу линиясын тартуу үчүн сметалык долбоорун даярдатуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |