Загрузка документа…
КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-майы №5
Колдоого муктаж жарандарга каражат ажыратуу жөнүндө
Айылдык аймактын колдоого муктаж, жакырчылык каттоосунда катталган жарандарынын турмуш шартына жана медициналык мекемелердин чыгарган корутундуларына ылайык арызын канааттандыруу максатында, жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратуу жөнүндөгү Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ден соолугуна байланыштуу оор операция болууга туура келген Көк-Таш айылынын тургуну Кабылов Сакыбекке 40 000 (кырк миң) сом, Чоң-Сай айылынын тургуну Абдукахар кызы Айнурага 50 000 (элүү миң) сом, Кулпек-Сай айылынын тургуну Сайдахматова Заринага 30 000 (отуз миң) сом, Кулпек-Сай айылынын тургуну Абасбек кызы Уулканга 15000 (он беш миң) сом, Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Лачынбай уулу Нарчабекке 70 000 (жетимиш миң) сом, Булак-Башы айылынын тургуну Ташматова Канышайга 16000 (он алты миң) сом, Булак-Башы айылынын тургуну Райымбердиева Зуурага 10 000 (он миң) сом, Чоң-Сай айылынын тургуну Козуева Гүлсинага 15000 (он беш миң) сом, Орто-Суу айылынын тургуну Артыкбаева Гүлбайрага 15000 (он беш миң) сом, Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Иманазаров Дүйшөнбекке 50 000 (элүү миң) сом материалдык жардам берүү максатында Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 311000 (үч жүз он бир миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.(медициналык корутундулар тиркелет)
2.Акча каражатын мыйзамдуу ажыратып берүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовго жана ФЭБ А.Эгемовго милдеттендирилсин.(тиркеме тиркелет).
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге тапшырылсын.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |