Загрузка документа…
КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-майы №6
Көк-Таш айылына курулган жаңы спорт залга ат коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл –Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” Жарлыгын турмушка ашыруу жана жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт түзүү максатында, Көк-Таш айылына жаңы курулуп пайдаланууга берилген спорт залга ат коюу жөнүндө түшкөн арыздар жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Таш айылындагы спорт залга №22 А.Жумабаев атындагы орто мектепте көп жылдар бою дене тарбия мугалими болуп эмгектенген айылдык аймактын “Ардактуу атуулу” Кабылов Кудайберди Жакшыбаевичтин аты коюлсун.(тиркеме тиркелет)
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге тапшырылсын.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |