Загрузка документа…
КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-майы №7
Каражат ажыратуу жөнүндө
Айылдык аймактын Парзибек участогундагы суугат суу арыгынын башаты сел ташкынынан улам урап, жергиликтүү калктын там арка жерлерине жана үлүш жерлерге суу буруп келе албай, бак-дарактар, эгиндер куурап курч маселе жаралгандыгы жана арыкты калыбына келтирүү үчүн цемент алып берүү, Кумдак, Кажыбек көчөлөрүнүн жолдон перап суу өтүүчү жерлерине труба сатып алып берүү өтүнүчү менен кайрылган айыл тургундарынын арыз-кайрылуусу жөнүндөгү айылдык Кеңештин депутаты И.Эгемовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Сай айылынын Парзыбек арыгын калыбына келтирүү үчүн 1 (бир) тонна цемент жана Чоң-Сай айылынын Кумдак, Кулпек-Сай айылынын Кажыбек көчөлөрүнө труба сатып алып берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратып берүү айыл өкмөт башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин депутаты И.Эгемовго тапшырылсын.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |