Загрузка документа…
КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-майы №8
“Некс строй” ЖЧК жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамына ылайык Көк-Таш айылына 20 орундуу оорукананы, 90 орундуу балдар бакчасын, Кулпек-Сай жана Булак-Башы айылдарына чакан спорттук аянттарды куруу, Чоң-Сай айылынын Беш-Таш участкасына электр линиясын тартуу жумуштарын тендерден уткан “Некс Строй” ЖЧК бир нече жолу эскертилип, макулдашылгандыгына карабай, белгиленген мөөнөтүнөн өтө кечиктирип жатканына байланыштуу, жергиликтүү калк арасында нааразычылык жаралып жаткандыгы тууралуу айылдык Кеңештин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдык аймактагы жогоруда белгиленген обьектилердин курулуш иштерин бир нече жолу эскертилип, макулдашылгандыгына карабай, белгиленген мөөнөтүнөн өтө кечиктирип жаткандыгына байланыштуу, “Некс Строй” ЖЧКны сотко берүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин депутаты И.Эгемовго тапшырылсын.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |