Загрузка документа…
КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-майы №9
Каражат ажыратуу жөнүндө
Ала-Бука РИИБдин 28.01.2019-жылдагы № 7/179 сандуу катын канааттандыруу жөнүндөгү Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык, менчик мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын Билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чек арада жайгашкан айылдарда коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу максатында, Ала-Бука РИИБдин 28.01.2019-жылдагы № 7/179 сандуу катынын негизинде Көк-Серек ПОМдун кызматтык автоунаасы ВАЗ-2121дин авто тетиктерин оңдоо жана жол чыгымы үчүн 80 000 (сексен миң) сом жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратып берүү айыл өкмөт башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин депутаты И.Эгемовго тапшырылсын.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |