Загрузка документа…
КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-майы №10
Көк-Таш айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-2022-жылдарга божомолу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин” талаптарын аткаруу максатында, Көк-Таш айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовдун билдирүүсүн жана Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык, менчик мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Кыргыз Республикасынын “ ЖӨБО жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2020-2022-жылдарга карата Көк-Таш айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин негизги параметрлер божомолу жактырылсын.Киреше /чыгаша бөлүгүнүн долбоору жана божомолу боюнча 2020-жылга 103445,1 миң сом, 2021-жылга 110686,6 миң сом,2022-жылга 112961,9 миң сом деп белгиленсин.
2.2020-2022-жылдарга карата Көк-Таш айыл Өкмөтүнүн божомолу жергиликтүү салыктардын булактары жана мамлекеттик чегерүүлөр боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөрү белгиленсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Эгемовго жүктөлсүн.
4.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин депутаты И.Эгемовго тапшырылсын.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |