Загрузка документа…
КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июлу №2
Көпүрөлөрдүн курулушуна каражат кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы ПЖ №1 “2019-жылды-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомун турмушка ашыруу максатында, АРИСтин Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорунун алкагында курулуп жаткан Орто-Суу айылындагы Көк-Таш Ата мазарына өтүүчү жана Чычырканак көпүрөлөрүнүн курулушуна 25%дык салым үчүн каражат кароо жөнүндөгү Көк-Таш ЖПБнын төрагасы Б.Иманазаровдун кайрылуу -билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИСтин Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорунун алкагында курулуп жаткан Орто-Суу айылындагы Көк-Таш Ата мазарына өтүүчү жана Чычырканак көпүрөлөрүнүн курулушуна 25%дык салым үчүн Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 325218 ( үч жүз жыйырма беш миң эки жүз он сегиз) сом акча каражаты Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесине бөлүнүп берилишине макулдук берилсин.
2.Каражатты ажыратып берүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.
2.Бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу менен тийиштүү финансы-экономикалык иш-кагаздарын тактап, Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБне тапшыруу жагы Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси Б.Иманазаровго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |