Загрузка документа…
КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-августу №4
Жер аянтын сатып алууга каражат ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы ПЖ №1 “2019-жылды-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомун турмушка ашыруу үчүн, жергиликтүү тургундардын саламаттыгын камсыз кылууга ыңгайлуу шарт түзүү максатында Кулпек-Сай айылына жабык типтеги спорт зал курууга жер аянтын сатып алуу жөнүндөгү Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ж.Байнаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Чек арага чектеш жайгашкан Кулпек-Сай айылына жабык типтеги спорт зал куруу максатында, Кулпек-Сай айылынын Носия көчөсүнүн №16 үйүнүн тургуну Азимов Абдибайит Усенбаевичке таандык 1000 кв.м жер аянтын көп тармактуу кызматтар “Акылдуу кызмат” ЖЧК баалап берген 770 000 (жети жүз жетимиш миң) сомго “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык сатып алууга макулдук берилсин.
2.Жер аянтын айыл өкмөттүн баланссына сатып алуу жана тийиштүү укуктук документтерин мамлекеттик каттоо кызматынан, архитектурадан даярдатуу Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |