Загрузка документа…
КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-августу №7
Каражат кароо жөнүндө
Орто-Суу айылынын тургуну, айылдык аймактын көп балалуу жакыр үй-бүлөлөрүнүн каттоосунда турган А.Ж.Баймырзаевге үй-бүлөлүк шартына байланыштуу, материалдык колдоо көрсөтүү зарылдыгы тууралуу айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Баймырзаев Атамбай Жабаровичтин үй-бүлөлүк шартын, көп жылдардан бери жумушсуздугун, жашап жаткан үйүнүн мамлекеттик акты жоктугуна байланыштуу жөлөкпул алалбай жүргөндүгүн эске алып, Мамлекеттик Каттоо кызматынын райондук башкармалыгынан үйүнүн документин толук бүтүрүп алышы үчүн жергиликтүү бюджеттен 20 000 (жыйырма миң) сом материалдык колдоо көрсөтүүгө макулдук берилсин.
2.Каражатты ажыратып берүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |