Загрузка документа…
КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-августу №8
Көк-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин айрым статьяларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Эгемовдун жергиликтүү бюджеттин айрым статьяларына өзгөртүү киргизүү зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн бекитилген жергиликтүү бюджетинин 70111-31112290 статьясынан 4500000 (төрт миллион беш жүз миң) сом акча каражатын 70111-31412210 статьясына жылдырууга макулдук берилсин.
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |