Загрузка документа…
КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-августу №9
Коммуналдык кызмат үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат кароо жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагындагы мектептерге башка аймактардан келип иштеген, жана Көк-Таш айылдык аймагынын башка айылдарынан каттап иштеген мугалимдерге коммуналдык кызмат төлөмдөрүн төлөп берүү тууралуу айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы А.Эгемовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Таш айылдык аймагындагы мектептерге башка аймактардан келип иштеген, жана Көк-Таш айылдык аймагынын башка айылдарынан каттап иштеген мугалимдерге коммуналдык кызмат төлөмдөрүн төлөп берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат кароого макулдук берилсин.
2.Каражатты ажыратып берүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Эргешовго, ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |