Загрузка документа…
КӨК ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-августу №10
Каражат кароо жөнүндө
Орто-Суу айылынын тургуну, айылдык аймактын жакыр үй-бүлөлөрүнүн каттоосунда турган А.Байнаевге үй-бүлөлүк шартына байланыштуу, ден соолугун калыбына келтирүү максатында жергиликтүү бюджеттен материалдык колдоо көрсөтүү зарылдыгы тууралуу айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Байнаев Амандын үй-бүлөлүк шартын эске алуу менен дарыланып ден соолугун калыбына келтирүү максатында жергиликтүү бюджеттен 15 000 (он беш миң) сом материалдык колдоо көрсөтүүгө макулдук берилсин.
2.Каражатты ажыратып берүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эргешовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы: | Н. Жакыев |