Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июлу № 28-3
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бөлүмдөрүнүн беренелеринен акча каражаттарын зарыл болгон башка бөлүмдөрүнүн беренелерге жылдыруу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн иш чараларын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 70629 ЖКХ бөлүмүндөгү 31113220 беренесиндеги 200 000 (эки жүз миё) сом акча каражаты,жергиликтүү бюджеттин;
-70629 ЖКХ бөлүмүнүн 22211200 беренесине 100 000 (бир жүз миё) сому, -70921 мектептер бөлүмүнүн 22221200 беренесине 75 000 (жетимиш беш миё ) сому,
- 70825 бөлүмүнүн 22211200 беренесине 25 000 сому жылдырылсын.
2. Жергиликтүү бюджеттин акча каражаттарын бөлүм беренелеринен башка бөлүм беренелерине жылдырып берүү жагы, каржы министрлигинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын.
3. Акча каражаттарын бөлүм беренелеринен башка бөлүм беренелерине талаптарга ылайык жылдыруу жагы ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К.Исмаиловага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы,айылдык кенештин “Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Абдырахманов |