Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июлу №28-4
Айтамга айылындагы «М.Бостонбаев» атындагы орто мектебинин чегине курулган мини футбол аянтчасын ижарага берүү,иш графигин жана ижара акысынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Муниципалдык менчикти туура пайдалануу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айтамга айылындагы “Бостонбаев” атындагы орто мектебинин чегинде турган, кичи футбол аянтчасы, Айтамга айылынын тургуну Шамшиев Асилге,”Бостонбаев” атындагы орто мектебинин жетекчилиги менен түзүлгөн эки тараптуу ижара келишиминин негизинде ижарага берилсин.
2. Ижара акысы,бир айга 2000 (эки миң) сом болуп белгиленсин.
3. Ижара акысынан түшкөн акча каражатын,мектептин спорт аянтчасындагы спорттук жабдыктарынын жана кичи футбол аянтчасынын оңдоп түзөө иштерине жумшоону камсыз кылуу жагы мектеп жетекчилигине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы,айылдык кенештин “Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Абдырахманов |