Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-сентябры №1
Беш-Бала айылынын тургуну Тайгараев Садыктын кайрылуусу жөнүндө
Беш-Бала айылынын тургуну Тайгараев Садыктын кайрылуусу боюнча 0,80 га. өндүрүшкө берилген жерине өндүрүш багытынан калктуу конуштар багытына өзгөртүүгө руксат берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Багыш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тайгараев Садыктын кайрылуусу боюнча 0,80 га. өндүрүшкө берилген жерди калктуу конуштар багытына өзгөртүүгө руксат берилсин.
2. 0,80 га калктуу конуштар багытына өзгөргөнүнүн негизинде тиешелүү корутундуларды даярдап берүү жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык Кеңешинин агрардык саясат,өзгөчө кырдаалдар,экология,курулуш,архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынамилдеттендирилсин.
Багыш айылдык Кеңешинин төрагасы: | А. Саражиев |