Загрузка документа…
КАРА КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-августу №164/31-7
Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.04.2019-ж. №155/27-7 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизип берүү тууралуумуниципалдык менчик башкармалыгынын башчысыЭ.Э.Бабакановдун кайрылуусу жөнүндө
Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Э.Э.Бабакановдун 29.07.2019-жылдагы №01-19/872 сандуу катындагы маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айылдык аймактык башкармалыгындагы таза сууга болгон элдин көйгөйлүү маселесин жеринде текшерүү максатында КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 22.07.2019-ж №363-б сандуу буйругу менен түзүлгөн комиссия курамынын Кетмен-Төбө айыл аймагындагы көчмө жыйынынын №2 протоколдук чечимин, “Кыргыз-Буурчагы” ЖЧКнун директору Р.А.Каразаковдун 01.08.2019-жылдагы №8 сандуу кепилдик катын, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 1-августундагы протоколдук чечимин эске алып, Кетмен-Төбө айылдык аймактык башкармалыгынын элин таза суу менен тез аранын ичинде камсыз кылуу үчүн “Саргата” насостук станциясынан тартылып жаткан таза суу түтүкчөлөрүнүн курулуш иштерин жандандыруу максатында, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.04.2019-ж. №155/27-7 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизип берүү тууралуу муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Э.Э.Бабакановдун кайрылуусу, шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
2. “Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.04.2019-ж. №155/27-7 сандуу токтомунун 2-пунктуна өзгөртүү жана толуктоо киргизилип төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
1. Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы, шаардык мэрия менен биргеликте Кетмен-Төбө шаарчасынын элин таза суу менен камсыз кылуучу жер астындагы алмаштырылбай калган эски темир түтүкчөлөрдү жаңы темир түтүкчөлөргө алмаштыруу боюнча иштерди улантуу үчүн иш алып баруучу “Кыргыз-Буурчагы” ЖЧКсы менен мыйзам чегинде келишим түзүлсүн. Демонтаж болгон эски муздак суу түтүкчөлөрүнүн жумуш аткаруучуга кызмат акысынын ордуна берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов), Кетмен-Төбө айылдык аймактык башкармалыгына (С.Ж. Ниязалиев) ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | К.Д.Батыркулов |