Загрузка документа…
КАРА КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-августу №165/31-7
Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.04.2019-жылдагы № 153/27-7 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Көл шаардык кеңешинин муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу У.С.Жекшенбиевдин 05.08.2019-жылдагы чыгыш 01-19/889 сандуу катындагы “Сагындык" ЖЧК сына 914000 (тогуз жүз он төрт миң) сомду төлөп берүү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу У.С.Жекшенбиевдин кайрылуусу, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.04.2019-жылдагы № 153/27-7 токтомундагы шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын бюджетинде Каскад, ДЭП-30, РЭТ мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акысына каралган 1 000,0 миң сомдон калган 300,0миң сомун, ит атууга каралган 150,0миң сомдон 27,9 миң сомун, шаардык ички иштер бөлүмүнө муздаткыч, стол стул сатып алууга каралган 100,0миң сомдун бардыгын салык кызматы үчүн шкаф, стол стул сатып алуу үчүн каралган 77,5миң сом, “Өнүгүү бюджетиндеги пландаштырылган ремонт, курулуш иштерине долбоордук-сметтик документтерди (ПСД) даярдоо кызмат акысына каралган 500,0 миң сомду жалпы 1 005,4миң сом каражаттын ичинен 914,0миң сомун Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 27.05.2019-жылдагы №ЭД-71/19МД сандуу чечиминин негизинде “Сагындык” ЖЧКсына, 91,4 миң сомун сот аткаруучулардын кызмат акысына төлөп берүүгө макулдук берилсин.
3. Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.04.2019-жылдагы № 153/27-7 токтомунуну №5 тиркемесиндеги 3-пункта КР Жогорку сотунун чечиминин негизинде 30.10.2018-ж. доогер “Мелиоратор плюс” дыйкан фермердик чарбасы менен Кара-Көл шаарынын мэриясынын ортосундагы тынчтык келшиминдеги макулдашууну аткарууга каралган 1 000,0 сомдун ичинен 108699сомун мамлекеттик алымды төлөп берүүгө макулдук берилсин.
4. Шаардык каржы бөлүмү (Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомго 2019-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча ШММБнын тиешелүү беренелерине тактоолорду киргизсин жана мыйзам чегинде каржыласын.
5. Кара-Көл шаардык мэрия, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы бул токтомго ылайык мыйзам чегинде иш алып барсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Еркеев И.М.) ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: | К.Д.Батыркулов |