Редакцияот 05.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6 чакырылышынын кезектеги 21 сессиясы

 

2019-жылдын. 5-июлу №21-1

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Каримберди” бөлүмүнүн түштүк-чыгыш тарабынан пайдаланылбай келе жаткан кайрак айдоо жеринен көрктөндүрүү,бак тигүү үчүн 3.0га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

Т. Кулатов атындагы айылдык кенешинин жер аянттарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Муратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институту “Кыргызмамжердолбоор” Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2019-жылдын 05-апрелиндеги № 01-8/5-05-05/36 корутундусуна негиз, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 жана 26 беренелерине таянып, Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Т. Кулатов атындагы айылдык Кенешинин жер аянттарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясынын заседаниясынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 4-1 протоколу бекитилип берилсин.

2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Каримберди” бөлүмүнүн түштүк-чыгыш тарабынан,көп жылдан бери пайдаланылбай жаткан № 521 контурунда жайгашкан кайрак айдоо эсебиндеги 3.0га жер аянтын Кожо-Арык айылынын тургуну А.Козубаевга көрктөндүрүү,бак тигүү үчүн ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

3. Ажыратылып берилген жер аянтын максаттуу пайдалануу А.Козубаевга милдеттендирилсин.

4. Ажыратылып берилген 3.0га жер аянтын көп жылдык мөөнөт менен ижаралык келишимди түзүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеёештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясынын төрагасы А.Муратовко тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин төрагасы:

А.Топчубаев