Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-апрели. №4-1
Т. Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин жер аянттарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргон жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясынын заседаниеси
Заседаниеге катышкан комиссиянын мүчөлөрү:
Комиссиянын трагасы: Муратов А.- айылдык кенештин депутаты.
Катчысы: Жээнбаева А.- айыл окмотунун жооптуу катчысы.
Мүчөлөрү:
Н.Мадимаров-Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы
Турдубаев Э - айылдык кенештин депутаты
Камаров А - айылдык кенештин депутаты
Жунусов Р - айылдык кенештин депутаты
Маткаримов С - айылдык кенештин депутаты
Абдырахманов А - айылдык кенештин депутаты
Ураимов Р -Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси
Рустамов К – жайыт комитетинин торагасы
Паязов Ж.- Кожо-Арык айылынын айыл башчысы.
Чодонова О.- Ак-Терек, Кош-добо айылдарынын айыл башчысы.
Зикиров А.- Ак-Чал, Кызыл-Булак айылдарынын айыл башчысы.
Маткаримов К.- Баглан, Таш-Булак айылдарынын айыл башчысы.
Абдуллаев Г - Ноокат райондук архитектурасынын жетектоочу адиси
Күн тартибиндеги каралуучу маселе:
1.Кожо-Арык айылынын тургуну Козубаев Акыл Т.Кулатов айыл аймагынын “Каримберди” бөлүмүнүн түштүк-чыгыш тарабынан көп жылдан бери пайдаланылбай келе жаткан кайрак айдоо жеринен көрктөндүрүү үчүн ,бак тигүү үчүн 3.0га жер аянтын ажыратып берүүсүн суранган. Күн тартибиндеги маселе боюнча Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн айылдык кеёешинин жер боюнча комиссиясынын төрагасы А.Муратов чыгып төмөнкүлөргө токтолду:
Урматтуу комиссия мүчөлөрү:
Кожо-Арык айылынын тургуну Козубаев Акыл 2019-жылдын 27-мартында жазган арызында “Каримберди” бөлүмүнүн түштүк-чыгыш тарабынан көп жылдан бери пайдаланылбай келе жаткан кайрак айдоо жеринен көрктөндүрүү үчүн ,бак тигүү үчүн 3.0га жер аянтын ажыратып берүүсүн суранган. Бак тигүү үчүн,көрктөндүрүү үчүн үчүн суралган жер аянтын карап чыкканыбызда бул жер аянты Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы берген корутундусунда № 521 контурда жайгашып,кайрак айдоо эсебинде турат экен.
Жер комиссиясы суралган жерге барып жер участогун ордунда көргөнүбүздө,жер аянты көп жылдан бери пайданылбай жаткан экен.Климаты татаал жайындасы ысык болот,топурагы ак топурак,арык жер экен.Караван айылынын административдик чеги менен чек аралаш болгондугуна байланыштуу,элдин малы көп чыгат.Пайданылбай калган жерлерди иштетүү максатында алыскы чек арадагы жерлерибизди кармап калуу максатында жеринде көрүшкөн комиссия мүчөлөрү ал жерди берсек болот деген чечимге келдик.Арыз ээси өз эсебинен суу чыгарып,мал-калдан коргоп,тосуп максаттуу пайдаланса биз каршы эмесбиз.Келишим менен берген болсок, бир аз болсо да жергиликтүү бюджеттин казынасын толтурууга кошумча киреше түшөт. Кийинки сөзгө Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылынын айыл башчысы Ж.Паязов чыгып төмөнкүлөргө токтолду:
Урматтуу комиссия мүчөлөрү,жогоруда айтылып кеткен жер боюнча комиссиясынын төрагасы А.Муратовдун сөздөрүнө толугу менен кошулам.Кожо-Арык айылынын тургуну Козубаев Акыл жерди пайдаланганы үчүн налогу төлөмдөрү бар ошолорду төлөйт.Жергиликтүү бюджетке азбы-көппү кошумча киреше түшөт.Өзүнүздөр билесиздер ошол жерге жакын жерден кыш заводун салуу үчүн,жерди которууга айылдык кешештин депутаттары чечим чыгарып беришкен.Бак тигилип ,көрктөндүрүлүп калса экологияга да жакшы болот.Аба тазаланат.
Андан кийин сөзгө чыккан жер адиси Р.Ураимов , айыл башчы А.Зикиров жана айылдык кеёештин депутаттары А.Абдырахманов,Турдубаев,А.Камаровдор жогорудагы айтылган сөздөрдү колдоосун билдиришти. Комиссиянын курамы ушул жер аянтын мыйзам чегинде ажыратып берүү боюнча ой-пикирлерди колдошуп күн тартибиндеги маселени бир добуштан кабыл алгандыгын билдиришти.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап жер комиссиясы:
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кожо-Арык айылынын тургуну Козубаев Акылбек Боронбаевичке “Каримберди” бөлүмүнүн түштүк-чыгыш тарабынан №521 контурунан бак тигүү,көрктөндүрүү үчүн 3.0га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин
2. Ушул чечимди бекитип берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык кенешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
Ушул чечимди аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер адиси Р.Ураимовго жүктөлсүн.
Комиссиянын төрагасы: А. Муратов
Катчысы: А. Жээнбаева
Мүчөлөрү Н.Мадимаров
Г.Абдуллаев
Р.Жунусов
С. Маткаримов
Э. Турдубаев
А. Камаров
Абдырахманов А
К. Рустамов
Р. Ураимов
Ж. Паязов
О. Чодонова
А. Зикиров
К. Маткаримов