Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-июлу № 21-5
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасына экскватор сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Авазов Мураталинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасына экскватор сатып алууга макулдук берилсин.
2. Экскватор сатып алуу үчүн иш кагаздарын даярдоо жагы “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Авазовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин төрагасы: | А.Топчубаев |