Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты №75
Калкка турак жай салууга ажыратылган Гузар айылындагы жер участкасына Ош регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы аркалуу түзүлгөн ген.планды бекитүү жөнүндө
Калктын турак жай курууга жер участкаларын алууга муктаждыктарын чечүү үчүн Гузар айылынан ажыратылган жер участкасына Ош регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы аркалуу түзүлгөн ген. планды карап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХI кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак жай курууга ажыратылган жер участкасына Ош регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы аркалуу түзүлгөн Ген. план бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
3. Ѳзгѳн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгынан, Ѳзгѳн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан мыйзам чегинде мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын
Төрага: | К. Мусаев |