Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты №77
Алга айылындагы “Азада апа” балдар бакчасына жер ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомуна ылайык Алга айылындагы “Азада апа” балдар бакчасы 2013-жылы К. Ботобекова атындагы орто мектептин актовый залына ачылган. Азыркы учурда талапка жооп бербей, тарбиялануучу балдар көбөйүп бараткандыгынан жаңы заманбап бала бакча куруу боюнча айыл тургундарынын кайрылууларын жана айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Алга айылындагы Кимсан Ботобекова атындагы мектептин авариялык абалдагы 2- корпусунун алдындагы жерден бала бакча куруу үчүн жер ажыратууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдатуу айыл өкмѳт башчысы Э.Ж. Пасаңовко милдеттендирилсин
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
4.Ѳзгѳн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгынан, Ѳзгѳн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзам чегинде мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
Төрага: | К. Мусаев |