Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты №80
Кызыл-Сенир айылынын Тогузунчу участкасына мечит курууга жер ажыратууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Айыл өкмөттүн аймагындагы Кызыл-Сенир айылынын элинин суроо –талабын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине таянып , социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып айылдык кенештин VI чакырылыш ХХII кезексиз сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл-Сенир айылынын Тогузунчу участкасына мечит курууга жер участкасын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл өкмѳт башчысы Э.Пасаңовго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Мусаев |