Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты №81
Кызыл-Сенир айылына спорт комплексин куруу үчүн жерди трансформациялоого макулдук берүү жѳнүндѳ
Айыл өкмөттүн аймагындагы Кызыл-Сенир айылына жаш муундарга татыктуу тарбия берүү жана дени сак жаштарды өстүрүү максатында спорт комплексин куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы № 257 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесине таянып , айыл өкмөт башчысы Э.Ж.Пасаңовдун билдирүүсүн жана айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып айылдык кенештин VI чакырылыш ХХII кезексиз сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сенир айылындагы 731 контурдагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 1,6 га сугат көп жылдык дарак (терекзар) жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл өкмѳт башчысы Э.Пасаңовго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Мусаев |