Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты №83
Эски Покровка айылынын көчөлөрүнүн бирине Жолдошов Танабайдын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХII кезексиз сессиясы Эски Покровка айылдык жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жолдошов Танабайдын ысмы Эски Покровка айылынын эски МТФ участкасындагы аты жок көчөгө ыйгарылсын.
2.Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип көрсөтмө тактайларды, үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Жолдошов Танабайдын уул- кыздарына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Эски Покровка айылынын айыл башчысы М. Аматовко милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Мусаев |