Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты №84
Кызыл-Сенир айылынын жаны конушунун көчөлөрүнүн бирине Мадумаров Абжалинин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХII кезексиз сессиясы Кызыл-Сенир айылынын Бишкек-Ош жолунун боюндагы жаны конушунун тургундарынын жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Мадумаров Абжалинин ысмы Кызыл-Сенир айылынын Бишкек-Ош жолунун боюндагы жаны конушунун С.Мусаев атындагы көчөсүнө кесилишкен биринчи жана экинчи көчөлөргө ыйгарылсын.
2.Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип көрсөтмө тактайларды, үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Мадумаров Абжалинин уул- кыздарына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Сенир айылынын айыл башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Мусаев |