Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты №85
Алга айылынын көчөлөрүнүн бирине Мамажунусов Зулумдун ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин VI чакырылыш ХХII кезексиз сессиясы Алга айылдык жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Мамажунусов Зулумдун ысмы Алга айылынын Жолдошов Сыргактын үйүнөн Жаңыбаев Каныбектин үйүнө чейинки жаны ачылган көчөгө ыйгарылсын.
2.Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип көрсөтмө тактайларды, үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Мамажунусов Зулумдун уул- кыздарына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Алга айылынын айыл башчысы А.Айбашовко милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Мусаев |