Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты №86
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинен калган калдыктарды кайрадан бөлүштүрүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Э.Пасаңовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдагы сметасына кошумча киргизүү жана акча каражаттарын туура пайдалануу максатында Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинде каралган жумуштарды аткаргандан кийин 2986,1 миң сом акча каражаты ашып калгандыгы белгиленсин.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдагы сметасынын чыгашалар бөлүгүнө төмөндөгүчө өзгөртүүлөр киргизүүгө макулдук берилсин.
к-р № | раздел | аткарылуучу жумуштар | бөлүнгөн сумма,сом | эскертүү |
1 | аппарат | долбоорлорду колдоо | 600,0 |
|
2 |
| сапар чыгымдары | 100,0 |
|
3 |
| эске алынбай калган чыгымдар | 50,0 |
|
4 | билим берүү | долбоорлорду колдоо | 100,0 |
|
5 |
| эске алынбай калган чыгымдар | 59,0 |
|
6 | айыл чарба | долбоорлорду колдоо | 400,0 |
|
7 | ЖКХ социалдык маселелер | долбоорлорду колдоо, эске алынбай калган чыгымдар | 550,0 |
|
8 |
| Кызыл-Октябрь айылындагы курулуучу тротуарга | 100,0 |
|
9 |
| Эски Покровка айылындагы курулуп жаткан тротуарга | 155,0 |
|
10 |
| Кызыл-Сенир айылындагы алыштарды оңдоо | 550,0 |
|
11 |
| Кекилик- Учардагы таштанды таштоочу жайды тартипке келтирүү | 212,1 |
|
12 |
| Алга айылындагы курулуп жаткан спортзалга | 50,0 |
|
13 |
| Кызыл-Сенир айылындагы курулуп жаткан спортзалга | 50,0 |
|
14 | маданият | сапар чыгымдары | 10,0 |
|
| Жалпысы |
| 2986,1 |
|
3.Өзгөн райондук каржы бөлүмүнө кошумча түзүлгөн смета тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысы Пасаңов .Э. Ж жана ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А. Абдуллаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Мусаев |