Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты №89
Кызыл- Сеңир айылынын көчөлөрүнүн бирине Сагындыкова Салиманын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХII кезексиз сессиясы Кызыл-Сенир айылдык жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Сагындыкова Салиманын ысмы Кызыл-Сенир айылынын А.Мадымаров көчөсүндөгү Ураимов Замирдин үйүнөн Ш . Оморов көчөсүндөгү З . Осмоновдун үйүнө чейинки көчөгө ыйгарылсын.
2.Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип көрсөтмө тактайларды ,үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Сагындыкова Салиманын уул-кыздарына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Сенир айылынын айыл башчысы М.Темировко милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Мусаев |