Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты №90
Жердин профилин өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Сенир айыл тургуну Кыдыралиев Рысбайдын , Өзгөн райондук өнүктүрүү департаментинин 06.10.2005-жылдагы № 31 буйругунун негизинде “Кызыл- Сеңир” үрөөнчүлүк чарбасынын балансасындагы № 118 тамак-аш складынын сатып алган Кадырбаев Калилге таандык жер участкасын сатып алып бүгүнкү күндө турак – жай куруп жашап жаткандыктан, профилин өзгөртүп берүү жөнүндө арызын жана айыл чарба, турак-жай боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл- Сеңир айыл тургуну Кыдыралиев Рысбайдын арызы канааттандырылып, өзүнө тиешелүү жер аянтынын багытын турак-жай курууга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл өкмѳт башчысы Э. Пасаңовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага: | К. Мусаев |