Загрузка документа…
КЫЗЫЛ ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты №91
Эски Покровка айылынын башкы планына Оштогу КНИИП тарабынан киргизилген өзгөртүүнү бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 – статьясынын 3 пунктуна ылайык Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Эски Покровка айылынын башкы планына Оштогу КНИИП тарабынан өзгөртүлгөн генпланды бекитип берүү максатында Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Эски Покровка айылынын башкы планына Оштогу КНИИП тарабынан өзгөртүлгөн генплан бекитилсин.
2. Суралсын Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан жана Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Мусаев |