Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 3-майы ПЖ № 159 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин түзүү жөнүндө Жогору квалификациялуу инженер кадрларды даярдоо системасын анданары өркүндөтүү, кесиптик окутуу системасын реформалоону терењдетүү, аныэкономикалык жањы шарттарга ылайыкташтыруу, жогорку окуу жайларынынкадр, финансылык жана материалдык потенциалын пайдалануунун натыйжалуу-лугун жогорулатуу жана адистерди даярдоодо кайталоочулукту жоюу макса-тында токтом кылам: 1. И.Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университетининжана Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университетинин базасында И.Раззаковатындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети түзүлсүн. 2. Бишкек автомобиль-жол техникуму юридикалык жактын статусу барөзалдынча кесиптик орто окуу жайы деп эсептелсин. 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 20-октябрында-гы № 359 "Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университетин түзүү жөнүндөгү"Жарлыгы күчүн жоготту деп эсептелсин. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө И.Раззаковатындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин түзүү менен байла-нышкан уюштуруу жана финансы маселелерин чечсин. 5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен беки-тилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамле-кеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин шайлоонун тартиби жөнүндөЖобого ылайык жањы ректор шайланганга чейин бир жумалык мөөнөттө И.Раз-заков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректорунунмилдеттерин аткруучуну дайындасын. 6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнөжүктөлсүн. 7. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирсин. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев