Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-сентябры № 3
Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин XXV сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндө катталбаган, башка айыл өкмөтүнө караштуу малдарды багууга тыюу салынсын.
2. Сырттан келген малдарга төмөндөгүдөй айып акча төлөнсүн:
-мал багып жаткан койчуга -5000(беш миң) сом;
-жылкы, эшек жана бодо малдын ар бир башына-3000(үч миң) сом;
-майда жандыктардын ар бир башына 1000(бир миң) сом.
3.Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Мансиркулов
|