Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-августу №191
Арал айыл аймагынын 2020-2022 –жылдын бюджетинин божомол долбоорун бекитүү жөнүндө
Арал айыл аймагынын 2020-2022 –жылдын бюджетинин божомол долбоорун бекитүү жөнүндөгү Арал айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексизXVIII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл айыл аймагынын 2020-2022-жылдардагы бюджетин божомол долборунун кирешелер бөлүгү 2020-жылга 13262,8 мин сом, 2021-жылга 13600,7 мин сом, 2022-жылга 14246,5 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Арал айыл аймагынын 2020-2022-жылдардагы бюджеттин долбоорунун киреше булактары № 1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
3. Арал айыл аймагынын 2020-2022-жылдардагы бюджеттин божомолдуу долбоорунун чыгашалар бөлүгү 2020-жылга 13262,8 мин сом, 2021-жылга 13600,7 мин сом , 2022-жылга 14246,5 мин сом өлчөмүндө белгиленсин .
4. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышын көзөмөлдөө , айыл аймактык кенешинин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Т.Асанов |