Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-майы №3
Могол айыл аймагында коррупцияны алдын алуу жана болтурбоо чаралары, коррупциялык тобокелчиликтерди аныктоо жѳнүндѳ
Могол айыдык кенешинин агрардык азык түлүк, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII - чакырылышынын кезекcиз ХV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Могол айыл өкмөтүнүн турак-жайга берилген жерлерлердин атуулдарга мыйзам чегинде берилүүсү кѳзѳмѳлдѳнсүн
2. Турак-жайга берилүүчү жер участкаларды бөлүү алдында жер участкасына муктаж атуулдардын тизмесин талдоо жана аныктоо айылдык Кеӊештин алдындагы агрардык азык түлүк, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын кароосуна коюлсун.
3. Могол айылдык Кеӊештин алдындагы агрардык азык түлүк, токойчулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын токтомуна ылайык кезекте турган атуулдарга жер тилкесин ажыратып берүү Могол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Ачи токой чарбасынын ижарага берилип жаткан жерлерди берүүдѳ калктын нараазычылыгын болтурбоо боюнча чара кѳрүлсүн.
5. Туура эмес иш жүргүзгѳн кызматкерлерге мыйзамдуу чара кѳрүү каралсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук комиссиясына тапшырылсын.
Могол айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т. Омурзаков |