Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-майы №4
2020-жылы өтүүчү эл жана турак жай фондусун каттоого карата айылдагы көчөлөргө наам берүү жөнүндө
2020-жылы өтүүчү эл жана турак жай фондусун каттоого карата айылдагы көчөлөргө наам берүү боюнча айылдардын тургундарынын жалпы жыйналыштарынын токтомдору менен таанышып жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII - чакырылышынын кезектеги ХV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа, Чарбак, Кара-Ой жана Кѳк-Тонду айылдарынын аты жок көчөлөргө наам берүү боюнча айылдардын тургундарынын жалпы жыйналыштарынын токтомдору бекитилсин.
2. Ооган-Талаа айылынын Бувакол участкасындагы «Кыргызстан» жана «Жаштык» кѳчѳсүнѳ эмгектин ардагери Турдукулов Нурдиндин аты берилсин.
3. Ооган-Талаа айылынын Бувакол участкасындагы «Эркиндик» кѳчѳсүнѳ Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу, согуш ардагери Тешебаев Бегибайдын аты берилсин.
4. Ооган-Талаа айылынын аты жок көчөгө Долдоев Анарбайдын аты берилсин.
5. Чарбак айылынын көчөлөрүнө төмөндөгү Улуу Ата Мекендик согуштун жана Эмгектин ардагерлери болгон атуулдардын аты берилсин:
Каримов Мамут-УАМС ардагери,
Аликулов Базаркул – эмгек ардагери,
Арзиматов Абдурахмон - эмгек ардагери,
Осмонов Садыкбек - эмгек ардагери,
Ихрамалиев Козу –эмгек ардагери,
Асранов Алыш –эмгек ардагери.
6. Чарбак айылынын аты жок көчөсүнѳ «Достук кѳчѳсү» деген наам берилсин.
7. Кара-Ой айылынын аты жок кѳчѳсүнѳ УАМС ардагери Орозбаев Шакирдин аты берилсин.
8. Кѳк-Тонду айылынын Коровник участкасындагы аты жок кѳчѳсүнѳ УАМС ардагери Жолдошов Таживайдын аты берилсин.
9. Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа,Чарбак, Кара-Ой жана Кѳк-Тонду айылдарынын наам берилген көчөлөрдүн инфраструктурасын жакшыртуу жана көчөнүн аттарын илүү, номерлөө демилгечи топторго жана аты коюлган ардагерлердин үй-бүлөөлөрүнө жүктөлсүн.
10. Токтомго ылайык иш чараларды жүргүзүү токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке жүктөлсүн.
Могол айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т. Омурзаков |