Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы №13
Жерлердин категориясын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Топурак бел участкасынан кыш завод курууга жер ажыратып берүү жана жеке ишкерлерди колдоо максатында , Сузак айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча булакттарын тартуу боюнча , ЖӨБ КРнын мыйзамындагы 4-гл. Жергиликтүү Кенештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздерин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак айыл өкмөтүнүн Топурак-Бел участкасындагы №57 контурундагы кыш завод курууга тандалган “Айыл чарба багытындагы жерлерди” категориясынын мамлекеттик фонду эсебиндеги 2,0 га чөп чабында жер аянтын “Өнөр жайдын, транспортун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багытындагы жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Сузак айылдык Кеңешинин ушул токтомун бекитип берүү жагы жогорку органдардан суралсын.
3.Токтомдогу жер аянтын мыйзамдаштыруу Сузак айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.
Сузак айылдык Кеңешинин төрагасы: | Хакимов Ж |